Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова Сочиде өткөн Бүткүл россиялык эмгек жумалыгында Кыргызстандагы эмгек рыногун санариптештирүү тууралуу айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Сочиде өткөн Бүткүл россиялык эмгек жумалыгынын алкагында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан эмгек рыногун санариптештирүү процесстери тууралуу маалымат берди.
“Мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде социалдык тармактарды активдүү санариптештирүү” – мындай милдетти Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган. Ал эми бүгүн биз санариптик экосистеманы түздүк, ал калкты ишке орноштуруу жана жумушка орноштуруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Негизги жетишкендиктердин бири эмгек рыногунун маалыматтык системасын – жумуш издеген жарандар, Бош орундар, иш берүүчүлөр жана кесиптик окутуунун актуалдуу курстары жөнүндө маалыматтарды камтыган республикалык маалыматтар базасын киргизүү болду.
Система бош орундарга тез жетүүнү жана эмгек рыногундагы иштин ачыктыгын камсыз кылат жана “Zanyatost.kg”маалымат порталына интеграцияланган. Бул портал жарандарга жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз берүүгө, бош орундар жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берип, онлайн-кызматтарга мүмкүнчүлүк берет”, – деди ал.
Жылдыз Полотованын айтымында, Кыргызстанда «Электрондук эмгек биржасы» мобилдик тиркемеси, ошондой эле жумушка орноштуруу кызматын онлайн режиминде алууга мүмкүндүк берген «zanyatost.kg» порталынын мобилдик версиясы түзүлгөн.
Министрдин орун басары конференциянын катышуучуларын ЕЭКке мүчө өлкөлөр үчүн кызматкерлердин квалификациясын жөнгө салуунун бирдиктүү механизмин иштеп чыгууга чакырды, ал квалификацияларды унификациялоону жана таанууну камсыз кылат.
«Ошондой эле мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат көрсөткөн уюмдар жана мамлекеттик органдар боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүү зарыл. Ошондой эле ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгууну сунуштайбыз, ал бирдиктүү эмгек рыногун түзүү жолунда иш-аракеттерди жөнгө салуучу жана жол көрсөткүч катары кызмат кылат», — деп белгиледи Жылдыз Полотова.
Полотова.
Пайдалуу
Ссылкалар