Эмгек министрлигинде табигый кырсык коркунучтарын азайтуу күнүнө карата машыгуу сиренасы угулду

Бүгүн, 3-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратында, ведомстволук мекемелеринде жана райондук башкармалыктарында окуу эвакуациясынын сиренасы жаңырды.
Бишкек шаарында жалпы кайгуул үнү кагылгандан кийин, министрликте да 5 мүнөт бою сиренанын катуу сигналы жаңырды.
Белгилей кетсек, катуу үн менен коштолгон кайгуул үн машыгуу ирээтинде болду жана Кыргызстанда жыл сайын 5-октябрда белгиленүүчү кырсыктардын коркунучун азайтуу күнүнүн алкагында өттү.
Пайдалуу
Ссылкалар