Эмгек министри “Келечек”реабилитациялык борборунун ишин текшерди
7-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова пландан тышкары “Келечек” балдар реабилитациялык борборуна барды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башчысына реабилитациялык борбордун иши, дарыланып жаткан бейтаптар, кызмат алуучулар тууралуу айтып беришти.
Реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан балдар менен жолугушуу учурунда, бир баланын апасы А.Болотбекова “Келечек” борборунун кызматкерлеринин ишине ыраазычылык билдирди.
Министр аларга чың ден-соолук, дарыланууда ийгилик жана тез сакайып кетишин каалады. “Эң негизгиси ден соолук. Балдар, биздин келечегибиз. Оорубаңыздар, ар дайым ден — соолукта болуңуздар”, – деди ал.
Министр борбордун ишине, анын ичинде “Дем алуу”(Передышка) комплекстүү үй-бүлөлүк программасы боюнча кызмат көрсөтүүлөргө кызыкты.
“Бул программа майыптыгы бар балдардын коомго аралашуусуна жардам берет, ата – энелерге балдарына жардам берүү боюнча көндүмдөрдү берет”, – деди министр.
Аталган борбор КР Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда өткөн жылдын декабрь айында ачылган. Ал 100 орунга эсептелген, анын ичинен 60 – стационар режиминде реабилитациялык кызмат алган майыптыгы бар балдар үчүн (региондордон келген балдар, коштоочуларына) жана 40 – күндүз болуу режиминде реабилитациялык кызмат алган балдар үчүн. Борбор таяныч-кыймыл аппаратынын жана неврологиялык бузулуулары бар балдар менен иштейт.
нарушениям.
и ещё 6
Статистика и объявления
Продвигать публикацию
Все реакции:
4
2023-10-07