Эмгек министрлиги ДМЧА иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча жаңы активдүү чараны пилоттук түрдө өткөрүүнүн жыйынтыгын чыгарды
5-6-октябрда Балыкчы шаарында Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн консультанттары жана кызматкерлери үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча жаңы активдүү иш-чараны пилоттук түрдө өткөрүү боюнча тренинг өткөрүлдү.
Балыкчы шаарынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү пилоттук 7 райондун бири. Тренингди Эмгек министрлигинин кызматкерлери «Теңдик» майыптар союзу менен биргеликте GIZ (Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун колдоосунда өткөрүштү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча жигердүү чара өлкөдө инклюзия жана бирдей мүмкүнчүлүктөр саясатын өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп саналат. Ал БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын нормаларын, ТӨМ (туруктуу өнүгүү максаттары)жана өлкөнүн улуттук өнүгүү стратегияларын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Жаңы чаранын максаттары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ишке орноштуруу кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, ар бир адам менен жекече иштөө жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-чараларга көбүрөөк адамдарды тартуу болуп саналат.
«Пилоттук иш-чаранын алкагында пилоттук ишке орноштуруу кызматтарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга консультация берүү, кесиптик курстарга жолдомо берүү, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жана ишке орноштуруу 7 эсеге көбөйгөнү аныкталды. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар экономикалык жактан активдүү болуп, алардын потенциалы өнүгүп, калкка кызмат көрсөткөн башка мамлекеттик органдарга жакшы үлгү түзүлүп жатканын билдирет”,-дейт министрликтин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова.
Эмгек. Иш-чаранын жүрүшүндө пилоттук өткөрүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, ой жүгүртүү жүргүзүлүп, документтештирүү, консолидациялоо жана жаңы чараны башка иш менен камсыз кылуу кызматтарына жайылтуу маселелери талкууланды.
2023-10-09