Эмгек министрлиги: Москвада 6-кабаттан кулаган кыргызстандык кыз үйүнө акысыз жеткирилди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашкандай, Болотбек кызы Мээрим Бишкекке 9-октябрда келди.
Акысыз үч орунду “Аэрономад” авиакомпаниясы камсыз кылды.
Ал 14-сентябрда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап, оор жаракат менен тез жардам кызматы менен Демиховдун клиникалык ооруканасына жеткирилген. Кулап түшкөндүгүнүн себеби жөнүндө азырынча эч нерсе белгисиз.
Болотбек кызы Мээрим 14-29-сентябрда биринчи кезектеги дарылануусун алып, шашылыш операция жасалды. Кийинки дарылоонун баасы 400 мин рублга жакын болот деп белгилүү болду. Кыргызстандык аялдын милдеттүү медициналык полиси болбогондуктан жана эмгек келишимин түзбөгөндүктөн, социалдык төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес.
Ошондуктан Мээримди үйүнө кайтуу маселеси чечилип жатканда “Умай Эне” кайрымдуулук борборуна жайгаштырышкан.
Министрлик аны Бишкек аэропортунан тез жардам бригадасы менен тосуп алып, 4-шаардык ооруканага жайгаштыруу маселесин чечти.
Ошону менен бирге аталган башкармалык Орусияга келгенден кийин, эгер жумушка орношуу максатында келген болсо, 1 айдын ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоодон өтүп, дактиолоскопия жана медициналык кароодон өтүшү керектигин эскертет.
Эгерде сиз жумуш тапсаңыз, анда эмгек келишимин түзүү милдеттүү шарт болуп саналат. Сиз милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алып, андан кийин пенсия алууга укуктуу болушуңуз үчүн иш берүүчү социалдык төлөмдөрдү төлөшү керек.
Эгерде сиз жумуш учурунда жаракат алган болсоңуз, анда сиз жумуш берүүчүңүз жөнүндө толук маалыматты жана ооруканада жаткан учурда дарыгерлерге жана милиция кызматкерлерине компенсация алууга мүмкүндүк берүүчү жаракаттын себебин беришиңиз керек.
2023-10-09