Эмгек министрлигинин башчысы Гүлнара Баатырова менен БУУнун КР Туруктуу координатору Антье Граве гендердик теңчилик маселесин талкуулашты
2023-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Гравенин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Гүлнара Баатырова ведомствонун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, БУУнун өкүлүнүн кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө терең өз ара аракеттенүүнү улантууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Антье Граве өзүнүн атынан жана Кыргызстандагы БУУнун бардык 25 агенттигинин атынан Гүлнара Баатырованы жаңы жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, БУУ системасынын Эмгек министрлиги менен биргеликте активдүү жана жемиштүү ишин улантууга даяр экенин билдирди.
Тараптар ошондой эле, айрыкча балдар арасындагы жакырчылыкты кыскартуу, эмгек, ишке орноштуруу, миграция жана гендердик теңчилик жаатындагы саясат схемаларын илгерилетүү боюнча мындан аркы биргелешкен кадамдарды талкуулашты.
«Мен Улуттук гендердик кеңештин байкоочусумун. Мен өз тарабымдан БУУнун агенттиги аялдардын укуктарын кеңейтүүнү колдойт жана аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк кампанияда колдоо көрсөтөт деп ишендире алам», – деди Антье Граве.
Граве.





2023-10-10














