ДМЧ балдарды социалдаштыруунун өзгөчөлүктөрү
15 –октябрь күнү Ош облусттук администрациянын жыйындар залында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социализациялоо жана адаптациялоо” темасындагы семинарына катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн министрдин орун басары Кыргыз Республикасы социалдык саясат артыкчылыктуу орунду ээлеген мамлекет жана бул БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын ратификациясы менен тастыкталганын баса белгиледи.
“Жакында эле Майыптардын укутары боюнча кеңештин 11-жыйынын өткөрүп, анда майыптыгы бар балдардын билим алуусу, социалдык жактан камсыздалуусу, маданиятка жана спортко аралуушудагы көйгөйлөрү тууралуу маселелер, бул маселелерди чечүү жолдору каралды. Аталган Кеңеш Министрлик аркылуу өткөрүлүп келет”,- деди ал.
“Министрлик Саламаттык сактоо, Билим берүү министрликтери менен бирге эрте кийлигишүү программасын жана аны ишке ашыруу планын кабыл алган. Бул да болсо балдар арасында майыптуулукту азайтууга мүмкүндүк түзөт деп “,кошумчалады ал.
Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Айдарава , мамлекеттик мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрү, “Бейиш балдары”, “Датка-Айымдар“ “Менин Кадамым”, “ДМЧА-ЛОВЗ” коомдук фондуларынын жетекчилери катышышты.
2023-10-16