Майыптык тобу саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык башкармалыктарынын көрсөтмөлөрү боюнча дайындалат

Абдикаримов Курбанбек 1998-жылы туулган.
К.Абдикаримов менен 2023-жылдын 22-сентябрында Ош шаарындагы Медициналык-социалдык экспертиза боюнча эксперттик кеңеште түшүндүрмө берилди.
Жаранды экспертизалоого саламаттык сактоо уюму тарабынан керектүү диагностикалык, функционалдык медициналык текшерүү өткөрүлөт жана 088У формасы толтурулат.
Андан кийин майыптыгын аныктоо үчүн МСЭКке жөнөтүлөт . МСЭК тарабынан майыптык тобу аныкталат.
2023-жылдын 16-октябрына карата бейтапканадан аймактык МСЭКке жолдомо түшкөн эмес.
“Аскер кызматчыларынын жана аскердик кызмат өтөөгө милдеттүүлөрдүн, окууга жана атайын даярдоого чакырылгандардын жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандыруу окуялары болгондо, Аскер кызматчыларына камсыздандыруу төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан төлөнөт.
Пайдалуу
Ссылкалар