Эдил Байсалов социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Бүгүн, 17-октябрь, 2023-жыл, К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында. Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев, К.Карасаев атындагы БМУ ректору Абдылда Мусаев, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, республиканын бардык региондорундагы социалдык кызматкерлери катышышты.
“Президент С.Н.Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети социалдык камсыздоо тармагына болуп көрбөгөндөй көңүл буруп жатышат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, чоңдорду жана майып балдарды, улгайган жарандарды колдоо дайыма көңүл борборунда турат.
Мамлекеттин социалдык саясаты социалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнүн, жогорку инсандык сапаттарынын аркасында натыйжалуу ишке ашырылууда. Дал ушул адистер өздөрүн асыл ишке – муктаж болгондорго жардам берүүгө арнап, турмуштун оор кырдаалына кабылган жалгыз бой жарандарга, үй-бүлөлөргө жана балдарга күн сайын колдоо көрсөтүп келишет. Бүгүн биз алардын жан аябас эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деди Эдил Байсалов.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова бүгүнкү күндө 914 социалдык кызматкер 9,8 миңден ашуун кары-картаңдарды жана майыптарды үйүндө тейлеп жатканын белгиледи.
«Социалдык камсыздоо системасы бир орунда турбайт, биз кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын тынымсыз жакшыртып, алардын спектрин кеңейтип жатабыз. Социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү үчүн санариптик технологиялар киргизилүүдө», – деп баса белгиледи ал.
Иш-чарада бир катар социалдык кызматкерлерге ардак белгиси жана ардак грамоталар тапшырылды.
Социалдык кызматкерлеринин күнүнө карата иш- чара ЮНИСЕФ, “Улуттук Кызыл Ай Коому” КБ, ЮНФПА, КР социалдык кызматкерлеринин Ассоциациясы сыяктуу эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен өткөрүлдү.
КР
2023-10-17