«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын октябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 8 – 15 октябрына чейин 1966 телефондон кайрылуу (бир суткада 280 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 50 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 20 же 40,0%  жаш балдар, ал эми 30 же 60,0 % чоң кишилер), 39 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 6 абонентке психологиялык консультация берилген, 5 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

50 чалуунун ичинен: эркектерден – 8 (16,0%), аялдардан – 22 (44,0%), эркек балдардан – 4 (8,0%), кыздардан – 16 (32,0%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 15 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 8 (балдар 2);

– психологиялык жабырлануу менен – 6 (балдар 6);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 6 (балдар 4);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн  жөнүндө – 4 (балдар 3);

– башка маселелер боюнча – 3 (балдар 2);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 3 (балдар 1);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 2 (балдар 2);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 2 (балдар 0);

– билим берүү системасы жөнүндө – 1 (балдар 0).

1916 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 19 (38,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 (12,0%);

– Ош  облусунан – 5 (10,0%);

– Чүй  облусунан – 4 (8,0%);

– Баткен облусунан – 3 (6,0%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (6,0%);

– Нарын облусунан – 2 (4,0%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 8  (16,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар