Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар протездик-ортопедиялык буюмдардын 150дөн ашык түрү менен камсыздалат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык касыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
«Бул мекеме протездик-ортопедиялык цех катары башталып, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда иштеп баштаган. Бүгүнкү күндө протездик-ортопедиялык буюмдардын 150дөн ашык түрүн, анын ичинде балдар үчүн киберпротездердин түрү чыгат.
Мекемеде 13 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турса, анын 6 миңге жакыны балдар. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар медициналык-социалдык реабилитациядан жана медициналык кызматкерлер менен «Жөө мектеп» курсунан өтө алышат», – деди ал.
Майрамдык салтанатка социалдык камсыздоо тармагынын жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар