Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала кайтарылды

22-октябрда Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жараны болгон 21 аял жана 62 бала жеткирилген.
Алар Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча «Айкөл-3» атайын операциясынын алкагында алынып келинген.
Миссиянын алкагында кыргыз делегациясы Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн дары-дармек менен гуманитардык жардам көрсөттү.
Кыргыз тарап АКШ өкмөтүнө, БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФке) жана Эл аралык Кызыл чырым комитетине репатриацияга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар