Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызматтардын улук жана кенже тайпаларына кадр резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызматтардын улук жана кенже тайпаларына кадр резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

– конкурстун катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык карап чыгуу;

– мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;

– маектешүү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна карата жалпы квалификациялык талаптар:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– социалдык, гуманитардык жана табигый илимдер, экономика жана менеджмент, фундаменталдык информатика, маалыматтык технологиялар жана педагогика жаатындагы жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

-Жогорку билим;

– иш стажына талаптар жок.

Жалпы мыйзамдарды билүү:

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

З) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар.

Предметтик мыйзамдарды билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

2) “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

2) “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– жеке арыз; кадрларды каттоо баракчасын; резюме (анын ичинде электрондук почта); автобиография (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).

Документтерди кабыл алуунун  мөөнөтү: сынак жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде. Толтурулган документтер кагаз түрүндө Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына С.Орозбаев көчөсү 3 дареги боюнча саат 8:30дан 17:30га чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн (03944) 5-00-34 телефону аркылуу кайрылыңыз.

Пайдалуу
Ссылкалар