Жакын адамыңыз РФнын аймагында кайтыш болсо эмне кылуу керек?
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясынын аймагында адам каза болуп калса, кандай чаралар көрүлүшү керектигин билдирет.
Жакын адамыңыз РФнын аймагында кайтыш болсо
эмне кылуу керек?
ЭГЕРДЕ АДАМ ҮЙҮНДӨ КАЗА БОЛСО
1-КАДАМ. Маркумдун сөөгүн карап чыгып протокол түзүү үчүн 02 же 102 телефондору боюнча полиция кызматкерин жана өлүмдү тастыктоо үчүн 03 же 103 телефондору боюнча бейтапкананын участкалык дарыгерин чакырыңыз, же 112 бирдиктүү номери боюнча чалыңыз.
ЭГЕРДЕ МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРДЕ КАЗА БОЛСО
1-КАДАМ. Оорукананын кызматкерлери туугандарына бул окуя тууралуу, ошондой эле маркумдун сөөгү кайсы моргдо экендиги жөнүндө маалымат бериши керек. Мындай учурда жакындары дароо моргго өлгөндүгү тууралуу медициналык маалым кат алуу үчүн кайрыла алышат.
ЭГЕРДЕ КООМДУК ЖАЙДА КАЗА БОЛСО
1-КАДАМ. Маркумдун сөөгү соттук-медициналык моргго жөнөтүлөт. Өздүгү такталбаган өлгөн адам тууралуу маалыматтар (оорулуу адамдар сыяктуу) Кырсыктарды каттоо бюросуна түшөт. Андыктан жакындары дайынсыз жоголгондорго полиция кызматкерлери тез арада бюрого кайрылууну сунуштайт.
2-КАДАМ. Өлгөндүгү тууралуу медициналык маалым кат алуу:
– Москва шаарынын саламаттыкты сактоо мекемесинин патологоанатомиялык бөлүмүнөн же Соттук-медициналык экспертиза бюросунан;
– Москва шаарынын Троицкий жана Новомосковский административдик райондорунда (ТНАО) медициналык күбөлүк поликлиниканын врачы тарабынан берилет.
3-КАДАМ. Өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктү алгандан кийин ЖААКтан (ЗАГС) герби бар өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана өлгөндүгү тууралуу маалым кат (33-форма) алынат.
БИР ЖОЛКУ ТӨЛӨМДҮ АЛУУ ТАРТИБИ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.
Бир жолку төлөмдү маркумдун жакын туугандары алууга укуктуу (арызга төмөнкү документтер тиркелет):
– герби бар өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
– алуучунун паспортунун көчүрмөсү;
– туугандыгын тастыктаган документтердин (никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк) көчүрмөсү;
Жакын тууганынын атынан нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде маркумдун сөөгүн жөнөткөн адамдар бир жолку төлөмдү алууга укуктуу.
Маркумдун сөөгүн мекенге жөнөтүүдө көмөк көрсөтүүчү мекемелер:
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү. Дареги: Москва ш., Малая полянка көч., 7-үй, 5-түз, Тел.:+7 495 197 76 71; Эл.д: pred.mtsom@mail.ru
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Канцеляриялары жана Башкы Консулдуктар:
– Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск шаарындагы канцеляриясы (тел+7 916 445 52 75);
– Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясы (тел.+7 982 159 12 92);
– Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы (тел+7 929 512 39 05);
– Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы канцеляриясы (тел+7 926 716 06 75);
– Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы канцеляриясы (тел.+7 964 713 85 17);
– Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясы (тел+7 916 094 00 11);
– Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу (тел+7 999 300 992, 7 913 771 85 15);
– Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу (тел+7 909 015 22 78)
2023-10-24