Борбордук Азияда эмгек мигранттарынын укуктарын бекемдөө, чыңдоо

2023-жылдын 26-октябрында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагында зарыл чараларды көрүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле Кыргызстандагы Тилектештик борбору ишке ашырган «Борбордук Азияда эмгек мигранттарынын укуктарын бекемдөө, чыңдоо» Регионалдык долбоорунун ишке киришине байланыштуу тегерек стол болуп өттү.
Борбордук Азиядан келген эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү максатында кызматташууга көмөктөшүү жана региондук өнүктүрүү үчүн биргелешкен потенциалды пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын, Жогорку Кеңешти, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, изилдөөчүлөрдү жана өнөктөштөрдү кошо алганда негизги кызыкдар тараптарды бириктирүү бул иш-чаранын негизги максаты болуп саналат.
Катышуучуларды куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Динара Ашимова Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп: “Биз эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана бекемдөө үчүн биргелешип аракеттенишибиз керек. .Бул маанилүү милдет жана бүгүнкү иш-чара бул багыттагы иштин башталышы гана» деп билдирди.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик миграция саясатынын багыттары менен тааныштырып, бул жаатта кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар өнөктөш уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болгон панелдик талкууга катышышып, анда баалуу сунуштар жана мындан аркы кызматташуунун жолдору иштелип чыкты.
сотрудничества.
Пайдалуу
Ссылкалар