Укуктарды коргоо – социалдык камсыздоо системасынын негизи болуп саналат
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасындагы социалдык укуктар боюнча тегерек столдо билдирди.
«Социалдык укуктар адам үчүн бардык шарттарды жана жеңилдиктерди камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана жашоо шарттарына жетүүнү камсыз кылган адам укуктарынын эң маанилүү аспектиси болуп саналат. Бул укуктар адамдын татыктуу жашоосун камсыздайт – билим алуу укугу, ден соолук укугу, эмгекке жана адилеттүү эмгек шарттарына, социалдык камсыздоого жана кызмат көрсөтүүлөргө, турак жайга, тамак-ашка болгон укукка ж.б,”- деди ал.
Тегерек столдун ишине министрликтердин жана ведомстволордун, Омбудсмендин аппаратынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар белгилегендей, адам укуктарынын Жалпы декларациясы адам укуктары боюнча мамлекеттердин бул укуктарды коргоо жана аларды ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча милдеттенмелерин камтыган биринчи универсалдуу документ болуп саналат.
реализации.
2023-10-27