Министрдин орун басары Ж.Алыбаева Активдүү узак жашоонун стратегиясы боюнча онлайн тегерек столго катышты

Беларусь Республикасынын Минск шаарында 2023 – жылдын 2- ноябрында “Активдүү узак жашоонун стратегиясы-КМШга катышкан мамлекеттерде улуу муундун жарандарынын кызыкчылыгында социалдык саясатты ишке ашыруунун куралы”деген темада тегерек стол болуп өттү.
Онлайн форматтагы бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ж.И. Алыбаева катышты.
«Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде улгайган жарандардын көз карандысыз жана толук кандуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө, алардын жашоосунун узактыгын, деңгээлин жана сапатын туруктуу жогорулатууга, жигердүү жана сергек узак жашоого, муундар ортосунда байланыштарды чыңдоого чоң көңүл бурулууда », – деп белгиледи ал.
Бул максаттарда Мамлекет башчыларынын жана Өкмөт башчыларынын деңгээлинде Шериктештиктин өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана мамлекеттердин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган бир катар документтер кабыл алынган жана ишке ашырылууда.
Тегерек столдо талкуулана турган маселелер мамлекеттик маанидеги гана эмес, КМШга мүчө-мамлекеттердин укуктук, социалдык-экономикалык жана социалдык-демографиялык саясатынын приоритеттерин калыптандырууда да маанилүү.
“Белгилей кетчү нерсе, иш-чара КМШга катышкан мамлекеттердин эмгек, ишке орноштуруу жана калкты социалдык коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин колдоосу астында Шериктештик органдарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын жылында өттү, анын алкагында туруктуу негизде КМШга катышкан мамлекеттерде социалдык тейлөө системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралууда” – деп кошумчалады министрдин орун басары.
истра.
Пайдалуу
Ссылкалар