Эмгек министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн жаңы чараларын пилоттоштуруунун жыйынтыктарын чыгарды

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова “Жумуштуулукка жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун Байкоочу кеңешинин жыйынында билдирди. Долбоор 2021-жылдан тартып Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча коому (GIZ) менен биргеликте ишке ашырылууда.
“GIZ менен кызматташуунун узак жана жемиштүү тарыхы бар, анын алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылган. ЭРМС маалыматтык программасы, кесипке багыттоо жаатындагы социалдык өнөктөштүк модели жана эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жаңы кыска мөөнөттүү курстар иштелип чыкты жана ишке киргизилди. Zanyatost.kg порталы жана башка долбоорлор ишке кирди. Мындан тышкары, GIZ ишке орноштуруу кызматтарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга, Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн техникалык жабдуусун жакшыртууга көмөк көрсөттү” – деди ал.
Министрдин орун басары бүгүнкү күндө иш менен камсыз кылуу тармагынын алдында турган милдеттерди белгиледи.
“Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында майыптыгы бар адамдар, аялдар, жаштар, кайтып келген мигранттар үчүн жаңы чаралар иштелип чыкты жана ийгиликтүү пилоттоштурулду. Республиканын аймактарында кесипке багыт берүүчү тогуз борбор ачылды. Жаңы чаралар сервистик концепцияга жана ар кандай социалдык топтордун реалдуу керектөөлөрүн эске алууга негизделет. Бүгүнкү күндө Министрлик калктын кызмат көрсөтүүлөрүн алууда жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу менен аярлуу топтор менен иштөөдөгү мамилелерди калыбына келтирүүдө. Иш берүүчүлөрдүн бизнес ассоциациялары менен иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү боюнча иш алып барылууда. “Жаңы иш менен камсыз кылуу саясаты – бул жөн гана жумуш орундарын түзүү программасы эмес, бул татыктуу эмгекти камсыз кылууга көмөктөшүү. Кесипке багыт берүү, эмгекти сүйүүгө тарбиялоо, активдүү турмуштук жана кесиптик позиция, инсандын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн аныктоо жана өнүктүрүү, кайра окутууга жана жаңы билимдерди жана компетенцияларды алууга даярдык маселелери актуалдуу болууда”, – деп белгиледи Жылдыз Полотова.
Полотова.
Пайдалуу
Ссылкалар