Панфилов райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже кызмат орундарын элөөгө кадрдык резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

-жогорку билим: гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу;

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

 жогорку билим; гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу;

— иш стажы талап кылынбайт.

Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:

  • «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси
  • «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:

  • «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси
  • «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
  • негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

Документтер  2023-жылдын ноябрь айынын 9 нан – 17-  ноябрына  чейин саат 8.30-17.30 чейин кабыл алынат.

Кайынды шаары, Садовая №7 көчөсү, Панфилов  райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш. 

Сурап билүү байланыш номер: 0(3137) 51-2-45, 51-9-81     

Пайдалуу
Ссылкалар