Гүлнара Баатырова Респуликалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Оштогу филиалына барды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Оштогу филиалында болуп, мекеменин иши менен таанышты жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Эмгек министри Г.Баатырова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында аткарылып жаткан пландуу иш-чараларга токтолду.
Ошондой эле Республикалык протездик ортопедиялык мекеменин Оштогу филиалы үчүн реабилитациялык кызматтары жана заманбап жабдуулары бар жаңы имараттын курулушу талкууланды.
Ош шаарындагы протездик мекеменин имараты 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Косметикалык оңдоо иштерине карабастан имарат протездик-ортопедиялык буюмдарды чыгарууга жараксыз.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумуна Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси кирет. Ал 80 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатат жана протездик-ортопедиялык буюмдарды жана техникалык каражаттарды чыгаруучу бирден-бир ири мамлекеттик өндүрүүчү болуп саналат.