«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын 10 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын 10 айынын иши тууралуу маалымат

Борбордун психолог – кызматкерлери:

– телефон аркылуу күнү – түнү кызмат көрсөтөт (24 саат бою, бир сменде 2 психолог иштейт);

– чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге консультация берет, максаттуу чалууларды (консультация алуу же жардам берүү жөнүндө) эсепке алышат жана журналга катташат, анкета толтурушат, бардык сүйлөшүүлөр жазылат, сунуш беришет, кабыл алынган билдирүүлөр тиешелүү мекемелерге жана уюмдарга алардын компетенциясына ылайык кайрылууларды кабарлайт.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын  10 айында (январь – октябрь) 64467 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 212,  бир айда 6446 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 1843 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 556 (30,2%)жаш балдар, ал эми 1287 (69,8%) чоң кишилер), 1439 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 207 абонентке психологиялык консультация берилген, 197 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1843 чалуунун  ичинен эркектерден – 343 (18,6%), аялдардан – 944 (51,2%), эркек балдардан – 141 (7,6%), кыздардан – 415 (22,5%). 

435 (балдар 11) же 23,6% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, майыптыгы, кош бойлуулук жана төрөт, багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул чектөө жана төлөө, социалдык контракт, бала асырап алуу, камкордукка алуу, үй-бүлөнү жана балдарды текшерүү, жеке ассистент, майыптык кресло-коляска берүү, майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык кызматтар, ИТБалдар мекемелерге,  «Келечек» балдар реабилитациялык борборго жайгаштыруу, башка ССМге которуу, жалгыз бой кары адамга үйдөн социалдык кызмат көрсөтүү, лагерге жолдомо алуу, МСЭКдан кайра өтүү, балдардын эмгегин колдонуу, «Баатыр эне» наамы менен сыйлоо, социалдык турак жай менен камсыздоо жөнүндө кайрылышкан.

237  (балдар 28) абонент же 12,8% чалып, финансылык, гуманитардык, юридикалык жардам, үй куруп берүү жана алуу, аракечтик болгон учурда, электр жарыгын коштуруу, коммуналдык тейлөөгө жеңилдик, ID жана чет элдик паспорт, балага туулган тууралуу күбөлүк алуу, ЖОЖдан аныктама алуу, апасы, чоң энеси,  туугандары менен байланышуу, 102 Кызматынын кызматкерлерин чакыруу, «Түндүк» мампорталга катталуу, юристтин, психологдун, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.

Кайрылуулардын үчүнчү позициясын 235 (балдар 166) же 12,7% балдарды тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин, мугалимдердин өз ара мамилеси жөнүндө суроолор түзгөн. Алар балдар ата – энеси, агасы, эжеси, жээни, достору, теңтуштары, классташтары менен өз ара мамилелери жана түшүнбөстүктөрү, баласына, досуна, чоң энесине, окууга тынчсыздануу, жаман адат, ата-эненин ажырашуусунун кесепети, баланын тили чыгуу, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация, ата – энесин сагынуу, окууга көңул жоктугу, досун издөө жана ага тынчсыздануу, 11 класска чейин окууну улантуу, досторунун жоктугу, өзү, досу жөнүндө аңгеме, экзамен тууралуу чалуулар түшкөн.

Психологиялык жабырлануудан 199 (балдар 153) же 10,8% абонент кайрылган. Алардын кайрылуусуна капалануу, ата-энесинин, өгөй атасынын баалабагандыгы, колдобоосу жана көңүл бурбоосу, коркунуч, стресс, таарыныч, депрессия, тынчсыздануу, өткөн зомбулуктун кесепети, чарчоо, уйкусуздук, кайгы, сүйүү сезимдери, агрессия, апатия, жалгыздык, өзүн төмөн баалоо, энесинин өлүмү, үй-бүлөсү, досу, классташтары менен  пикир келишпестик, балдардын  жүрүм – туруму, эмоционалдык чарчоо, кесип тандоо, ажырашуу, суйүүнүнжоктугу себеп болгон.

140 (балдар 65) же 7,6% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, өгөй атасы, агасы, эжеси, чоң энеси, өгөй апасы, туугандары, классташы, кошунасы, жигити, мугалими, мектеп окуучулары, ижарага берүүчү, дүкөндүн сатуучусу, белгисиз адам тарабынан, белгисиз адамдан ыдык болгонун кабарлаган.

Үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө 112 (балдар 15) же 6,0% абонент чалган. Буларга аял – күйөөлөрү, ата-энеси, чоң эне, чоң атасы, туугандары, мурунку күйөөсү менен өз ара түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар, ата – энелердин ажырашуусу, балдардан баш тартуу, баланы туугандарга берүү, алимент төлөбөгөндүк, баласы, эжеси менен жолугууга тыюу салуу, ата – энелик укуктан ажыратуу, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү себеп болгон.

Билим берүү системасы жөнүндө 91 (балдар 12) же 5,0% абонент чалып, мектептин директоруна, администрациясына, бала бакчага, класс жетекчиге, мугалимге, акча чогултууга даттанган, мектепке, бала бакчага, майыптыгы бар баланы көмөкчү мектепке орноштуруу, бала бакчага төлөө акысы, 1 – класска электрондук каттоо, «Санарип сабак» программасы менен окуу, окуу графигин өзгөртүү, классташтары менен  пикир келишпестик, аныктама бербей койгон, бала бакчага акы төлөө  жөнүндө сурашкан.

78 (балдар 41) же 4,2% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган.

77 (балдар 20) же 4,2% кайрылуу балдарга карата ата – эне тарабынан кайдыгер мамиле жөнүндө болгон.

77 (балдар 14) же 4,2% абонент үй – бүлөлүк зомбулук күйөөсү, атасы, баласы, агасы, кызы, өгөй атасы, кайынатасы, күйөө баласы, балдызы, туугандары, белгисиз эркек тарабынан көрсөтүлгөнү жөнүндө кабарлаган, никеге турууга мажбурлоо боюнча консультация сураган.

64 (балдар 19) же 3,5% чалуулар ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон (БҮИТ Борбордун кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү, мамлекеттик каттоо жана архитектурада үйдү каттоо, мүлк бөлүштүрүү, эксгибиционисттин жүрүм – туруму, «Түндүк»  мампорталы, психолог кесиби, соцтармактардагы коркутуу, жолду кесип өтүүдөгү коркунуч, медресеге окуганга тыйуу салуу, мамлекеттик тилде телекөрсөтүүлөрдү берүү, порносайттарды жабуу, насыя алуу, электр жарыгын өчүрүү, зомбулуктун алдын алуу, кекечтиктен арылуу, паспортун кайтарып алуу, карыздан кутулуу, ишеним кат түзүү, карточкадан баланска каражат которуу, таанышын чакырып берүү, кошунасына, белгисиз эркекке, мобилдик О! операторуна даттануу, телефон аркулуу байланыштын көйгөйү, өзү жөнүндө аңгеме).

49 (балдар 2) же 2,7% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу болгон (ЖӨБИ, РИИБ, ИИМ, Прокуратуранын, соттун, МСЭКтин, РЭСКМБтын, айыл өкмөттүн, суу чарбасынын, «Тазалык» МИ, РЭТнын, иш берүүчүнүн, «Таберик» балдар музыкалык борборунун жетекчисине, пансионаттын, маданият үйүнүн директоруна, коомдук транспорттун айдоочусуна, соода борборунун администрациясына).

42 (балдар 6) же 2,3% абонент медициналык камсыздоо жөнүндө чалган (доктурга, медициналык кызматка жеңилдик жана баалардын жогору болгонуна даттануу, привикадан кепилдик алуу, медициналык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, палатадан чыгаруу, ден соолугунун көйгөйү, реанимациялык бөлүмгө киргизүү, тез жардам кызматын чакыруу).

5 (балдар 4) же 0,3% суицид жөнүндө чалган (ата –энеси тарабынан зомбулук көрсөтүлгөндүктөн жана кайдыгер мамиле жасагандыктан, коркуу, бала чактагы травмадан, апасы менен урушуу).

2 (балдар 0) абонент же 0,1% мектептеги рэкет (жогорку класстын окуучулары тарабынан) жөнүндө билдирген.

62624 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

197 кабарланган билдирүүнүн ичинен 149 (75,6%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү,  45 (22,8%), – ички иштер органдарына,  билим берүү органдарына – 1 (0,5% ), МЧС – 1 (0,5%), башкага мекемеге– 1 (0,5%) жөнөтүлгөн.

 Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн 1843 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан – 543 (29,5%);

– Чуй облусунан – 284 (15,4%);

– Ош облусунан – 174 (9,4%);

– Жалал – Абад облусунан – 162 (8,8%);

– Ош шаарынан – 101 (5,5%);

– Ысык – Көл облусунан – 85 (4,6%);

– Баткен облусунан – 63 (3,4%);

– Нарын облусунан – 53 (2,9%);

– Талас облусунан – 34 (1,8%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 344 (18,7%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кабарланган 67 кайрылунунун ичинен 10 факты анык болгон (9 бала үй-бүлөдөн алынган, анын ичинен: 7 бала убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 бала ооруканага жаткырылган, 2 бала атасына берилген, 1 факты боюнча тергөө иши жүрүп жатат), 18 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 39 кайрылуу каралууда.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө 18 кайрылуунун ичинен 4 факты аныкталган (1 аялга коргоо ордери берилген, 1 аял Кризистик борборго жайгаштырылган, 1 аял арыз жазып, коргоо ордерин алган, 1 аял күйөөсүнө арыз жазгандан баш тарткан), бардык үй-бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 6 факты аныкталган эмес, 8 кайрылуу каралууда.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу кабарланган 31 кайрылуунун ичинен 4 факты аныкталган (2 бала үй-бүлөсүнөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 кыз үйүнө жеткирилген), 3 үй-бүлө менен ата – эненин балдарга камкордугу, өсүшү, тарбия, билим берүү жана ден соолугун камсыздоо милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, ал эми 7 факты аныкталган эмес, 20 кайрылуу каралууда.

Үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө кабарланган 6 абоненттин кайрылуусунун ичинен, 1 факты боюнча балдар апасына кайтарылган, 1 аялга коргоо ордери берилген, 4 каралууда.

66 үй-бүлөгө райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды кароо жана тарбиялоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган. 3 бала ата-энесине кайтарылып берилген, 1 жалгыз бой кары адамды соцкызматкерге коштоого бекитилген, 1 кары энеге эшигин ачканга жардам көрсөтүлгөн, 1 токмоктолгон эркек адам РИИБ арыз жазган.

Суицид жөнүндө кабарланган 2 факты боюнча, 1 кыз психологиялык жардамдан кийин атасынын карамагына берилген, 1 кайрылуу каралууда.

Башка маселе боюнча жөнөтүлгөн 7  кайрылуу каралууда.

2023 – жылдын 10 айында (1843 чалуу) түшкөн чалуулардын санын 2022 – жылдын 10 айы (2542 чалуу) менен салыштырганда, чалуулар 27,5%га азайган. Бирок быйылкы 2023 – жылы телефон аркылуу абоненттерге берилген консультациялардын убактысынын көбөйгөнү байкалып турат.       

Пайдалуу
Ссылкалар