Адам укуктарынын маселелери боюнча улуттук диалог
Бүгүн 2023-жылдын 14-ноябрында Адам укуктарынын жалпы Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан “Адам укуктарынын маселелери боюнча улуттук диалог” уюштурулду.
Аталган диалогдо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Алыбаева Жаңыл Ишенбековна “Майыптыгы бар адамдардын укуктарынын сакталышы/абалы, татыктуу жашоо деңгээлине болгон укуктары жөнүндө” темада баяндама жүргүзүп, аталган баяндамада төмөнкүлөрдү белгиледи.
Кыргыз Республикасы 2019-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясы ратификациялагандан баштап, республикасындагы калктын аялуу топторуна, анын ичинде майыптыгы бар адамдарга жана балдарга карата мамлекеттик саясат адам укуктарын сактоо жаатында тийиштүү иштер жүргүзүлүп келе жаткандыгы тууралуу маалымдады.
Аталган конвенцияны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеши 2020-жылы түзүлгөн. Ошондой эле,
2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн “Жеткиликтүү өлкө” Мамлекеттик программасы кабыл алынгандыгы жана Кыргыз Республикасындагы Эрте кийлигишүүнү 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилгендиги тууралуу айта кетти.
Майыптыгы бар адамдарга азыркы учурда каралган социалдык кепилдиктер (социалдык жөлөкпул, медициналык-санитардык жардам, техникалык жана атайын каражаттар менен камсыз кылуу, стационардык тейлөө, санаториялык-курорттук дарылоо, реабилитациянын түрлөрү) жөнүндө да маалымат берди.
Көрсөтүлгөн диалогдун соңунда бүгүнкү күндө пайда болгон көйгөйлөр жөнүндө маалыматтар айтылып жана анын чечүү жолдорун табуу боюнча сунуштар айтылды.
2023-11-14