Аксы райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат орундарынын улук, кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү административдик кызмат орундарынын улук, кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Аксы райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгы административдик кызмат орундарынын улук, кенже топторунун  кадрлар резервине киргизүү административдик кызмат орундарынын улук, кенже топторунун  кадрлар резервине киргизүү үчүн  СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

  1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу.

Кесиптик билиминин денгээли:

– Жогорку билим; гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык, табигый, жана техникалык илимдери боюнча

– Иш стажына талаптар коюлбайт;

Мыйзамдарды билүүсү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы,

– КР нын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамы”;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы.

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

– Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республиксынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси;

Билгичтиги

– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

Көндүмдөрү:

– Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практика жүзүндө колдонуу;

– Компьютердик жана уюштуруу техникасын билүү жана зарыл болгон программаларды колдоно билүү.

2.Административдик кызмат орундарынын улук тобу.

Кесиптик билиминин денгээли:

– Жогорку билим; гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык, табигый жана техникалык багыттары боюнча;

– Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы ;

Мыйзамдарды билүүсү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

– КРӨ нүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Иш кагаздары боюнча типтүү нускама;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамы;

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

– Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”

мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчу этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республиксынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы

– Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодекси;

Билгичтиги:

– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү

– Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыоуу жана жалпылоо;

– Аналитикалык документтерди даярдоо;

– Тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– Эмгектин жана шарттарына адаптациялашуу;

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

  1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (мамлекеттик кызмат ордунун көрсөтүү менен)
  2. Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
  4. Паспортунун көчүрмөсү;
  5. Аскердик билетинин көчүрмөсү
  6. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу же соттолбогндугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  7. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

Документтер жарыя чыккандан баштап 10 жумуш күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Аксы району, Кербен шаары , Т. Уметалиев  көчөсү №147. 

Байланыш телефону: (03742)  5-02-80 , 0 507 024 143             

Пайдалуу
Ссылкалар