Эмгек министри мигранттардын укугун коргоо үчүн эмне жасалып жатканын айтты
14-ноябрда “Мекендештер-2023″форуму өтүүдө. Форумга дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн келген делегациялар катышууда.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңешинин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, КРнын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, чет өлкөдөгү мекендештер, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, ЖМК катышууда.
Эмгек министри Гүлнара Баатырова өз сөзүндө кыргыз диаспораларынын кошкон зор салымы тууралуу айтып берди.
“Кыргыз диаспоралары өлкөбүздүн экономикасына чоң салым кошуп, мекендештерибиздин жашоо деңгээлин көтөрүүгө салым кошууда. Өз кезегинде Министрлик коопсуз миграция үчүн шарттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н Жапаровдун Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында биздин эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча көп иштерди жүргүзүп жатат.
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле чет өлкөлөрдө 12,4 миңден ашык адам мыйзамдуу түрдө ишке орношкон. Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 300гө жакын кыргызстандыктын төлөнбөгөн эмгек акысын 20 миллион рублден ашык суммага кайтарууга жардам берди. Дагы 6 миң адамга миграциялык мыйзамдар боюнча кеңеш берилди”, – деди министр.
Гүлнара Баатырова эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү максатында кыргызстандыктардын укугун коргоого көмөк көрсөткөн Коомдук өкүлдөрдүн институту түзүлгөнүн белгиледи. Азыркы учурда Россия Федерациясында, Германия Федеративдик Республикасында жана Украинада ведомствонун 96 коомдук өкүлү иштеп жатат.
Форумдун алкагында Казакстан, Малайзия, Россия жана АКШдан келген кыргызстандыктар чыгып, “Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсү жана мүмкүнчүлүктөрү” пленардык сессиясы, ошондой эле экономика жана региондорду өнүктүрүү, социалдык блок, коопсуз миграция, чет өлкөлүк мекендештер менен маданий-тарыхый байланышты сактоо темаларында үч панелдик сессия өтөт.
Форум Региондорду өнүктүрүү жана жергиликтүү бийлик органдарынын инвесторлор менен кызматташтыгын жөнгө салуу үчүн мекендештердин потенциалын пайдалануу үчүн өткөрүлүүдө.
инвесторами.
2023-11-14