«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын ноябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын  1- ноябрынан 8 ноябрына  чейин 1423 телефондон кайрылуу (бир суткада 203 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 37 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 10 же 27,0%  жаш балдар, ал эми 27 же 73,0% чоң кишилер), 27 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 9 абонентке психологиялык консультация берилген, 1 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

37 чалуунун ичинен: эркектерден – 6 (16,2%), аялдардан – 21 (56,7%), эркек балдардан – 3 (8,1%), кыздардан – 7 (19,0%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануу менен – 8 (балдар 4);

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө –  7 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү  жөнүндө – 5 (балдар 0);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 5 (балдар 4);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө  – 3 (балдар 1);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ОАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 2 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 2 (балдар 0);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 1 (балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 1 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 1 (балдар 0).

1386 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 11 (29,7%);

– Чүй облусунан – 6 (16,2%);

– Ош облусунан – 5 (13,5%);

– Жалал-Абад облусунан  – 4 (10,8%);

– Баткен облусунан – 3 (8,1%);

– Ош шаарынан – 2 (5,4%);

– Нарын облусунан – 1 (2,7%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 5 (13,5%).   

Пайдалуу
Ссылкалар