Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.
Мамлекет башчысынын катышуусунда:
– эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;
– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев;
– саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
– билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
– санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева ант беришти.
Андан соң Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, депутаттарды алдыдагы Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракеси менен куттуктап, мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары Кыргызстандын турмушунда парламенттин ролу зор экенин баса белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар