Эмгек министри майып балдар арасында шахмат турнирин ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн VIII шахмат чемпионатына старт берди.
“Учурда Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 211 миңден ашуун адам жашайт, алардын 37 миңден ашууну балдар.
Кыргызстан майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялап, ошону менен майыптыгы бар адамдардын социалдык жана экономикалык укуктарын камсыз кылуунун, коргоонун жана өнүктүрүүнүн кошумча кепилдиктерин түздү. “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасынын алкагында өзгөчө балдарды социалдык адаптациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Чемпионатты өткөрүү менен биз коомдун көңүлүн өмүрүнүн көбүн обочолонуп өткөргөн балдарга бурабыз”, – деди ал.
Гүлнара Баатырова шахмат балдардын өнүгүүсүнө жакшы таасирин тийгизерин белгиледи.
“Шахмат акыл-эс жөндөмүнүн өнүгүшүнө жакшы таасир берет жана мурда алган жөндөмүңүздү курчутууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун руханий-адептик тарбия берүү боюнча жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Министрлик ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды спортко тартуу боюнча демилгелерди колдойт», – деп баса белгиледи ал.
2023-жылдын 17-ноябрдан 20-ноябрына чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана “Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмеси менен биргеликте майыптыгы бар балдар жана адамдардын арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын VIII чемпионаты өтүүдө.
Шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты 18 жаштан жогорку жаштагы майыптыгы бар адамдар (эркектер жана айымдар) арасында үч категория боюнча өткөрүлөт. Көрүү, угуу жана жалпы оорулардан улам таяныч-кыймыл аппараты бузулган майыптыгы бар адамдардын категориялары болуп бөлүнөт.

Чемпионаттын алкагында жеңип чыккандарга уюштуруучулар кошумча кызыктыруучу сыйлыктарды жана номинацияларды ыйгарышат.

     
Пайдалуу
Ссылкалар