Кыргызстандын региондорунда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү

Бүгүн, 22-ноябрда Ош, Джалал-Абад, Кызыл-Кыя, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында бош жумуш орундардын жана кесиптердин жарманкелери болуп өттү. Жарманке JIA бизнес ассоциясы менен биргеликте Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарада мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 6 миңден ашуун бош орундарды сунушташты. Ага өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардан 190дон ашык ишканалар катышышты.
Бул иш-чаранын максаты – жумуш издөөчүлөрдү ийгиликтүү ишке орноштуруу жана бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо. Мындай иш-чаралар окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жана жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында жыл сайын Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп келет.
Ош шаарындагы жарманкенин ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана министрлигинин алдындагы Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадьяров Мысырович “Мындай иш-чаралар жумуш издөөнүн жолдорунун бири болуп саналаарын, булар түрдүү тармактарда жумуш табуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк экендигин, ошондой эле иш берүүчүлөр арасында да популярдуу экендигин. Анткени алар бир нече сааттын ичинде көптөгөн бүтүрүүчүлөр менен таанышууга жана өз компанияларынын потенциалдуу кызматкерлеринин маалымат базасын кеңейтүүгө мүмкүндүк берээрин белгиледи”.
Ал эми иш-чаранын алкагында жарандарга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилди.
Мындан тышкары, абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүштү.
Ошондой эле, 29-ноябрда, Бишкек шаарынын тургундары үчүн бош жумуш орундардын жарманкеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болоорун маалымдайбыз.
Пайдалуу
Ссылкалар