Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу отчетту кароо алкагында социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду.

«Социалдык коргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар 2 жылда үч этап менен көтөрүлдү. Мындан тышкары Президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары башталды.  2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди, натыйжада, 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшырып, 30 миңдей  жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилет, бул максатта 2 млрд сом каралды», – деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып пенсия орточо 38%га көтөрүлдү. Анын айтымында, пенсиялык саясат өзгөрөт. Мамлекетке тиешелүү чегерүүлөрдү жасабай жүргөн жарандарга мындан ары жөлөкпул гана берилет.

Пайдалуу
Ссылкалар