Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү “Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк активдүүлүк” кампаниясы башталды

Кампания 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнүндө аяктайт.

Кампаниянын максаты-аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди жана чараларды көрүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттин, жарандык коом уюмдарынын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун, медиа жана академиялык чөйрөнүн күч-аракеттерин бириктирүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө коомдогу өзгөрүүлөрдү белгиледи: “Мурда зордук – зомбулук көнүмүш көрүнүш болгон, кылмыш жана тыюу салуу эмес-өнөктүктүн туруктуулугу жана ырааттуулугу менен өзгөргөн. Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк үгүт мезгили менен чектелбестен, жыл бою биздин приоритетибиз бойдон кала берет”.

Кампаниянын темасы жыл сайын өзгөрүп турат жана 2023-жылы “Келгиле, биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга инвестиция салабыз” деп аталды. Бул тема бардык деңгээлдеги гендердик зомбулукту жоюу үчүн профилактикалык иш-аракеттерге инвестициялоого жалпы коомду мобилизациялоонун шашылыш зарылдыгын баса белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана коомчулукту бул акцияга салым кошууга чакырып, аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу дагы көп күч-аракетти жана жалпы кыргыз коомчулугунун колдоосу керектигин белгиледи.

Ошондой эле иш – чаранын жүрүшүндө панелдик дискуссияларга ЖК депутаттары Дастан Бекешев, Динара Ашимова, Чыңгыз Айдарбеков, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Мэрилин Йосефсон, “БУУ – Аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурэн Жамсран активдүү катышышты.

 

Акциянын алкагында жыл аягына чейин республика боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, акциянын соңу Ош шаарында болот. Ар бир адам гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук пропагандалоо аркылуу өнөктөш боло алат. Өлкөдө бардык деңгээлдеги жана бардык тармактардагы зордук-зомбулукту токтотуу үчүн ар бирибиздин иш-аракеттерибиз чоң мааниге ээ.

16 күндүк кампаниянын улуттук башталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, БУУ системасы жана Кыргыз Республикасындагы “БУУ-Аялдар” түзүмү тарабынан Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулган.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар