18 550 бала багуучусунан ажырагандыгы боюнча Эмгек министрлиги аркылуу жөлөк пул алат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы, 2023-жылдын 1-ноябрына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 391,9 миң адамды түзүп, анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” алгандардын саны 285,6 миң адам, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 106,3 миң адам экенин билдирди. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучулардын санына ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган балдар да кирет, аларга багуучусунан ажырагандыгы боюнча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул берилет. Бүгүнкү күндө жөлөкпулдун бул түрүн алган жетим жана жарым жетим балдардын саны 18550 баланы түзөт, алардын ичинен 1091 бала тоголок жетим. Министрлик жетим балдарга жөлөк пулдун өлчөмү 6000 сом, жарым жетим балдарга 3000 сом экенин белгилейт.
Пайдалуу
Ссылкалар