Фостердик үй-бүлөлөргө 186 бала берилген – Эмгек министри

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Аламедин районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерди.
Гүлнара Баатырова оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар жайгаштырылган үй-бүлөгө барды.
«Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат. Алардын билим алуусуна мамлекет жашоо минимумунун бир жарым  өлчөмүндө каражат бөлөт.
Фостер институту 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган. Бүгүнкү күндө республикада 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланууда. Бул үй-бүлөлөрдү жана балдарды каржылоого быйыл 48 млн сом бөлүндү», – деди ал.
Министр балдардын жашоо шарты менен таанышып, балдар жана ата-энелер менен баарлашты.
Пайдалуу
Ссылкалар