«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын ноябрь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 15 – 21- ноябрына  чейин 1605 телефондон кайрылуу (бир суткада 229 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 53 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 15 же 28,3% жаш балдар, ал эми 38 же 71,7% чоң кишилер), 43 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 7 абонентке психологиялык консультация берилген, 3 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

53 чалуунун ичинен: эркектерден – 4 (7,5%), аялдардан – 34 (64,1%), эркек балдардан – 3 (5,7%), кыздардан – 12 (22,6%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 10 (балдар 0);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 9 (балдар 5);

– психологиялык жабырлануу менен – 6 (балдар 4);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө –4

(балдар 1);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 4 (балдар 1);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 1);

– билим берүү системасы жөнүндө – 3 (балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 3 (балдар 1);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 1);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 2 (балдар 1);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ОАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0);

– башка маселелер боюнча – 6 (балдар 0).

1552 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 15 (28,3%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 (11,3%);

– Чүй облусунан – 5 (9,4%);

– Ысык-Көл облусунан – 5 (9,6%);

– Ош облусунан – 4 (7,5%);

– Ош шаарынан – 4 (7,5%);

– Талас облусунан – 2 (3,7%);

– Баткен облусунан – 1 (1,8%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 11 (20,9%).

Пайдалуу
Ссылкалар