Бишкектеги бош иш орундар жарманкесинде 6 миңден ашуун сунуштар түштү

2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарында 3 миң катышуучулардын башын бириктирген бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси болуп, аларга 6 миңден ашык бош орундар тууралуу маалымат берилди. Бул иш-чара Кыргызстандын ар кайсы тармактарынан 80 ден ашуун алдыңкы компанияларды бириктирип, жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү аянтчасы болуп кызмат кылды, анда потенциалдуу иш берүүчүлөр жана жумуш издөөчүлөр, ошондой эле бизнес жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жолугушту.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жарманкелерди иш менен камсыз кылууну кеңейтүүнүн актуалдуу механизми деп атады.
“Бош иш орундар жарманкесинин натыйжалуулугун эске алуу менен Министрлик жыл сайын ушундай иш-чараларды өткөрөт. Ишке орноштуруу кызматтары мектеп окуучулары менен кесипке багыттоо иштерин туруктуу негизде жүргүзүшөт. Ар бир жаран жумушка орношуу же кесиптик билим берүү жаатында акысыз кеңештерди ала алат. Министрлик тарабынан аз камсыз болгон үй – бүлөлөр үчүн иш менен камсыз кылуу-“социалдык контракт”, ишкер аялдарды колдоо, кайтып келген мигранттарды ишке орноштуруу ж.б. программалары ишке ашырылууда”, – деп маалымдады министр.
Бош иш орундар жана кесиптер жарманкесинде иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүштү. Мектеп окуучулары ишканаларды изилдеп, кесипке багыт берүү сынагынан өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышты. Жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер дагы берилди. Мындан тышкары, ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында мастер-класстарды өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана JIA бизнес ассоциациясы.
Жарманке Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы, Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен, Германия Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик окутуу» долбоорунун колдоосу менен чогуу уюштурулду.
Пайдалуу
Ссылкалар