“Элим барсыңбы?”фондунун 15 жылдык мааракесине карата Эмгек министрлигини тарабынан бир катар кызматкерлер сыйланышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева бүгүн, 29-ноябрда “Элим барсыбы?”кайрымдуулук фондунун 15 жылдык мааракесине карата кызматкерлерди куттуктады.
«Бир нече жылдардан бери сиздер мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө көңүл буруп, муктаждарга жардам берип келе жатасыздар.
Бул багытта мамлекет да активдүү саясат жүргүзүп жатат. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор үчүн жеңилдиктер көбөйтүлдү. «Жеке ассистент» кызматы үчүн төлөм көбөйдү, ал бүгүнкү күндө 6300 сомду түзөт. Кошумчалай кетсек, бул кызматтан бала кезинен I топтогу майыптыгы бар чоңдор да пайдалана алышат», – деди ал.
Жаңыл Алыбаева «Элим барсыңбы?» КФ менен биргеликте иш алып барылгандыгы дайыма максаттуу жана натыйжалуу болуп келгенин белгиледи.
“Элим, барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата, үзүрлүү ак ниет эмгеги жана Министрлик менен тыгыз кызматташтыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен фонддун бир катар кызматкерлери сыйланды.
письма.
Пайдалуу
Ссылкалар