Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жөлөк пул жогорулатылды – Эмгек министрлиги

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тартып 2021-жылдын апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткандарга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул жогорулатылды.
Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 5500 сомго көбөйтүлдү.
Ошондой эле, 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткандарга дагы ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул каралып, анын өлчөмү 5500 сомду түздү.
Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:
1) курман болгон адамдардын балдарына – алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин;
2) курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине) – алар пенсия курагына жеткенде, эгерде курман болгон адам жалгыз баласы болгон учурда;
3) майыптыгы бар адамдар деп таанылган жабыр тарткандарга – майыптыгы белгиленген датадан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.
Пайдалуу
Ссылкалар