Зордук-зомбулуктан жабыркагандар үчүн кризистик борборлорго жардамдын көлөмү 7 миллион сомго чейин көбөйтүлдү – Эмгек министрлиги

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Аракет кылуу мезгили: зомбулукту токтотуу үчүн маалыматтарга негизделген өзгөртүүлөр” конференциясында билдирди.
«Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, республикада 10 ай ичинде 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталса, анын ичинен 95%дан ашыгы аялдарга карата зомбулук. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу зордук-зомбулуктун өсүшү 23,7%ды түздү.
Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы чара көрүү механизмдеринин бири Эмгек министрлиги тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик социалдык заказ болуп саналат. Министрлик мамлекеттик заказдар аркылуу зомбулуктан жабыркагандар үчүн кризистик борборлордун ишин колдоого алып, бүгүнкү күндө республика боюнча мындай борборлордун саны 18ге жетип, 2019-жылдан тартып кризистик борборлорго республикалык бюджеттен көрсөтүлүүчү жардамдын суммасы 5,4 млн.сомдон 7 млн. сомго чейин өстү», – деди министрдин орун басары.
Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору менен биргеликте гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында уюштурулду.
Ага каршы күрөшүү чараларын талкуулоого Министрлер Кабинетинин жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, АКШнын Кыргызстандагы элчиси, эксперттер, кризистик борборлордун жетекчилери, юристтер жана адвокаттар, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар