Кыргызстандын делегациясы Женевадагы бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча БУУ комитетинин 37-сессиясына ийгиликтүү катышышты

2023-жылдын 27-ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча Комитетинин 37-сессиясы ачылган. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын, Сан-Томе, Принсипи жана Уругвайдын Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияны ишке ашыруу боюнча отчеттору каралган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жетектеген делегациянын курамына КР Президентинин Администрациясынын, Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын БУУнун бөлүмүнүн Туруктуу өкүлчүлүгүнүн жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген.
Кыргызстан Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга 2003-жылдын 29-сентябрында кошулган жана ушул жылдын 29, 30-ноябрында Комитетке экинчи мезгилдүү отчетун ийгиликтүү жактады.
Маалымат катары: БУУнун Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча комитети 14 көз карандысыз эксперттен турган орган болуп саналат, ал бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенциянын мамлекеттер тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт.
Возможно, это изображение 4 человека, отдел новостей и текст «ARE KYRGYZSTAN»
Пайдалуу
Ссылкалар