Төрага Нурланбек Шакиев Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине кичи автобус белекке берди

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.
Алгач Төрага Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен кабар алып, абалы менен таанышты.
Андан соң, андагы эмгектенген адистер менен баарлашып, 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүн утурлай уюштурулган иш-чарага күбө болду.
Алсак, Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1936-жылы карылар үйү катары ачылып, 1970-жылы Жалал-Абад психоневрологиялык балдар интернаты болуп өзгөргөн. 2015-жылы кайрымдуулук фонд тарабынан 40 орундуу жаңы имарат курулуп, 2019-жылы Өкмөт бөлгөн каражаттын эсебинен дагы эки кабаттуу жаңы имарат ишке берилген.
Мекемеге республиканын бардык булуң-бурчунан 4 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кабыл алынат. Азыркы тапта 110 бала бар.
Төрага Нурланбек Шакиев балдар үчүн мекемеде түзүлгөн шарттарга жогору баасын берди.
“Бул жерде эмгектенген адистердин ар бирине ыраазычылык билдирип, балдарга көрсөткөн камкоордугу үчүн рахматымды айтам. Анткени, силер балдардын ысык-суугуна күйүп, кубанса кошо кубанып, кайгырса кошо кайгырып иштеп келесиздер” – деди Төрага.
Ошондой эле бул жааттагы мамлекеттик саясат тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев: “Калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарын камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет. Андыктан жөлөк пулдарды көбөйтүү менен керектүү шарттарды түзүү аракетин тынымсыз улантабыз”, – деди.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барар алдында Төрага Нурланбек Шакиев кандай муктаждык бар экенин сураткан. Өз кезегинде мекеменин жамааты балдарды жана керектүү жүктөрдү ташуу үчүн кичи автобус зарыл экенин белгилешкен. Ага ылайык, Төрага резервдик фондунан каражат бөлүп, бүгүн аталган мекемеге Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырды. Ошондой эле балдарга керектүү белектер берилди.
Эске салсак, өткөн жылы да Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ичке-Суу (Маловодное) айылында жайгашкан Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана балдарды реабилитациялоо борборуна да кичи автобус белек кылган.
Белгилей кетсек, Төраганы депутаттар Айбек Алтынбеков, Талайбек Масабиров, Айбек Маткеримов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.
Пайдалуу
Ссылкалар