Гүлнара Баатырова: Социалдык контракттын алкагында Жалал-Абад облусу боюнча 3407 аз камсыз үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзгөн

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча “Социалдык контракт” программасынын аткарылышынын жүрүшүн текшерди.
Министр өз ишин ачуу үчүн мамлекет менен контракт түзүп, 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр менен жеринен таанышты.
“Программанын жүрүшүндө Жалал-Абад облусу боюнча 3407 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзүп, бизнес башташты. Бул инновациялык социалдык колдоо Жалал-Абад облусунун дээрлик 18,7 миң жашоочусунун турмушун жакшыртууга мүмкүндүк берген, мунун ичинен 11 миңге жакыны 16 жашка чейинки балдар. Бүгүн биз
Жалал-Абад шаарынын тургуну Эстебес Таштанбековдун үй-бүлөсүнө барып келдик. Ал буга чейин алты баласына жөлөк пул алып келген. Учурда соода сатык менен алектенип, айлык кирешеси 30 миңдин тегерегинде”,-деди министр.
Андан сон Гүлнара Баатырова Сузак районун төрт үй-бүлөсүнө мониторинг жасап, төмөнкүлөргө токтолду. “Сузак району боюнча 805 үй-бүлө контракт түзүшкөн. Алардын 675 үй-бүлөсү айыл-чарба тармагы менен алектенишет. Бүгүн биз барган Айзада Абсабирова өзү жалгыз бой эне. 2 баласына жөлөк пул алып келген, социадык контрактка катышып, самын өндүрүү менен иш алып барууда. Ошондой эле эки жумуш орунун түзүп, айлык кирешеси 15 миңди түзөт. Танзиля Мырзабекова мал чарбачылык боюнча катышып, алган кирешесине массаж жасоо бөлмөсүн ачып, ийгиликтерге жетүүдө. Гулмайрам Айтмаматова сулуулук салонун иштетсе, Нурданжан кызы Рашидахон соода сатык менен алектенип, айлык кирешеси 30 миңге жетти,”-деди Гүлнара Баатырова.
Эскерте кетсек, 2023-жылы социалдык контрактка катышкан үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңди түзөт.
Пайдалуу
Ссылкалар