Жылдыз Полотова: Дүйнөнү багындырган атактуулукка жетүү үчүн майыптык тоскоол боло албайт

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Ж.А. Полотова 2023-жылдын 1-декабрында “Келечек” майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборуна барды.
Министрдин орун басары борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, андан соң балдар жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, өлкө башычынын демилгелеринин алкагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата жасалып жаткан иш-чаралар туралуу белгилеп кетти.
Ошондой эле Ж. Полотова өзү үчүн баалуу болгон, бай тарыхы бар өзүнүн бала кезиндеги пианиносун борборго белек кылып берди.
“Дүйнөгө белгилүү болгон италиялык ырчы Андреа Бочелли, француз джаз пианисти Мишель Петруччиани, америкалык эстрада ырчысы Рэй Чарльз майыптыгы бар инсандар экендиги көпчүлүккө маалым. Бул адамдардын исскуство жаатында көптөгөн ийгиликтерди багындырышына алардын майыптыгы тоскоол боло алган жок” – деп ал өз сөзүндө, Министрликтин атынан балдарга кошумча белектерди тапшырды.
Бул реабилитациялоо борбору КРнын Президенти С.Н. Жапаровдун колдоосу менен 2022-жылдын декабрь айында ачылган.
“Келечек” реабилитациялык борбору балдардын шал оорусу диагнозу коюлган 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу бар балдар үчүн акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн жана республиканын бардык региондорунан балдар кабыл алынат.
Бүгүнкү күндө аталган борбордо 45 бала реабилитациялык кызматтарды алып жатса, буга чейин өлкөнүн ар тарабынан келген 380 бала комплекстүү реабилитациялык кызматтарды алып кетишти.
Пайдалуу
Ссылкалар