Эмгек министрлиги Токмок интернатында Эл аралык майыптар күнүнө карата иш-чара өткөрдү

3-декабрь, Эл аралык майыптыр күнүнө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Токмоктогу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин кызмат алуучуларына барып, майрамдык иш- чарага катышты.
«Кыргызстанда 212 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт, анын 37 миңи балдар. Алардын ар бири биздин Министрликтин көңүл борборунда. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жарлыгы менен чоңдорго жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык жөлөкпулдар 100%га, ал эми стационардык мекемелердеги тамак-ашка бөлүнгөн каражат эки эсеге көбөйтүлгөн», – деди ал.
Министр ошондой эле интернатта жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга көрсөткөн камкордугу үчүн кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алар интернатта үй шартын түзүп жатканын белгиледи.
Токмоктогу жатак үйүндө 249 камкордукка алынган кызмат алуучулар бар, анын 98и аялдар, 151и эркектер.
Иш-чарада аларга майрамдык маанай тартуулап, белектер берилди жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун “режиссура жана актёрлук чеберчилик” кафедрасынын доценти, мугалим Асел Турдалиеванын 3 чү “куурчак актер” адистигинин студенттери менен концерттик программа тартууланды.
Турдалиевой.
Пайдалуу
Ссылкалар