«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын 11 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 11 айында (январь – ноябрь) 71350 телефондон кайрылуу (бир суткада 213, бир айда 6486 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 2044 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 607 же 30,0% жаш балдар, ал эми 1437 же 70,0% чоң кишилер), 1594 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 242 абонентке психологиялык консультация берилген, 208 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2044 чалуунун ичинен: эркектерден – 368 (18,0%), аялдардан – 1069 (52,3%), эркек балдардан – 153 (7,5%), кыздардан – 454 (22,2%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 483 (балдар 11);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 265 (балдар 186);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү  жөнүндө –258

(балдар 30);

– психологиялык жабырлануу менен – 222 (балдар 169);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө  – 154 (балдар 70);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 124 (балдар 16);

– билим берүү системасы жөнүндө – 100 (балдар 12);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 85 (балдар 15);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 85 (балдар 44);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 81 (балдар 21);

– башка маселелер боюнча – 74 (балдар 20);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ОАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 56 (балдар 2);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 48 (балдар 6);

– суицид жөнүндө – 7 (балдар 5);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 2 (балдар 0).

69306 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 600 (29,3%);

– Чүй облусунан – 314 (15,4%);

– Жалал-Абад облусунан  – 183 (9,0%);

– Ош облусунан – 191 (9,3%);

– Ош шаарынан – 112 (5,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 93 (4,5%);

– Баткен облусунан – 69 (3,4%);

– Нарын облусунан – 59 (3,0%);

– Талас облусунан – 42 (2,0%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 381 (18,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар