Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат орундарынын улук, кенже кызмат орундарына, ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат орундарынын улук, кенже кызмат орундарына, ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт: 

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

Бөлүм башчысы(С-А)(бардыгы-4 шт.бирдик)

Башкы адис(С-Б)(бардыгы-6шт.бирдик)

  1. Кесиптик  деңгээли:

Жогорку билимдүүЭкономика жана менеджмент  (Экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг), гуманитардык (философия, саясат таануу, психология, тарых, улук, журналистика, эл аралык мамилелер, филология, маданият таануу) жана коомдук илимдер.

Жалпы иш стажы:

мамлекеттик жана / же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы 

  1. Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

Жетектөөчү адис(М-А)(баардыгы 6шт.бирдик)

Адис(М-Б)(3шт.бирдик)

Жогорку билимдүүЭкономика жана менеджмент  (Экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг), гуманитардык (философия, саясат таануу, психология, тарых, улук, журналистика, эл аралык мамилелер, филология, маданият таануу) жана коомдук илимдер.

Жалпы иш стажы:

 -Жалпы иш стажы талап кылынбайт.

Сынака катышууну каалагандар төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:

– Сынактын комиссиясынын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;

– Резюме;

– Диплом көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;

– Эмгек китепчесинин көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;

– Паспортунун көчүрмөсү.

– Соттолбогондугу жөнүндө маалымат.

Дарегибиз: Раззаков шаары Додосьян көчөсү № 53

Докумет кабыл алуу жарыя чыгарылган күндөн 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат.

Пайдалуу
Ссылкалар