Жыл башынан бери жеке ассистенттерге 970,7 млн сомдон ашык акча төлөнүп берилди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымында, бүгүнкү күндө 14 миң чоң киши жана майып балдар “жеке ассистент”кызматын алышат.
“Жеке ассистенттердин эмгек акысы дээрлик 30% га 4900 сомдон 6268 сомго чейин көтөрүлдү. Бул кызмат майыптыгы бар балдардын ата-энелерине келечекте пенсия алууга мүмкүнчүлүк берет. Жыл башынан бери аларга 970,7 млн сомдон ашык төлөнгөн”, – деди министр.
Маалымат үчүн: Кимдер жеке ассистент боло алат? Мыйзамга ылайык, Ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси) же 65 жашка чейинки тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар.
2023-12-08














