Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова: Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү гендердик зомбулукту жеңүүгө жардам берет
ОшМУда аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көйгөйүнө көңүл бурууга багытталган “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” акциясы аяктады.
Иш-чарага кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова зомбулуктун алдын алуу жана жабырлануучуларга жардам көрсөтүү боюнча ведомство тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
«Министрлик мамлекеттик социалдык заказдын алкагында зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга ар кандай социалдык, юридикалык жана башка кызматтарды көрсөткөн кризистик борборлорду каржылайт. Ошону менен бирге ведомство биринчи кезекте экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аркылуу гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча активдүү саясатты жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык контракттарды түзүү демилгеси аялдарды ишке тартуунун натыйжалуу механизмдеринин бири болду. Дээрлик 13 миң катышуучунун 95%ы өз бизнесин ачып, туруктуу киреше ала баштаган аялдар», – деди ал.
Жылдыз Полотова белгилегендей, БУУнун Туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максаттарынын баары гендердик теңчиликке жетишүүгө өбөлгө түзөт.
«Коммуникацияны жана инфраструктураны өнүктүрүү – мунун баары гендердик теңчиликке жетишүүгө жана гендердик зомбулукту жеңүүгө өбөлгө түзөт. Ошондуктан бул социалдык көйгөйдү жоюу үчүн бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун аракети маанилүү”, – деп баса белгиледи министрдин орун басары.
2023-12-10