Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

 Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна

 төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет

Кесиптик билимдин деңгээли: 

жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, эканомика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Кесиптик компетентүүлүгү:

– Кыргыз Республикасынын Концтитуциясы, “Щй-бщлё” кодекси, “Балдар жёнщндё” кодекси, ”Эмгек” кодекси.

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,

– “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана кепилдиктери жөнүндө”

– “Мамлекеттик тили жөнүндө”, “Чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жёнщндё” “Адамдарды сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү” жөнүндө Мыйзамдары;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген “Кыргыз Респуликасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускама;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. 

Сынакка катышуу үчүн документтер: 

  • Сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;
  • Кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Илими жөнүндө документ (диплом) көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (ноториалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн);
  • Резюме;
  • Өмүр баян, соттолбогондугу жөнүндө маалымат.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат:

Дарек: Баткен областы, Сүлүктү шаары, Коммунальная №62 

Тел: (03653) 5-01-02

0709-84-55-20

Пайдалуу
Ссылкалар