Эмгек министрлиги Элдик Курултайдын катышуучулары үчүн кабыл алуу бурчун  уюштурду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн II Элдик Курултайдын катышуучулары үчүн кеп-кеңеш бурчун уюштуруп, ага республиканын бардык облустарынан 695 делегат, анын ичинен этностук топтордон 30,  чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 30 делегат катышууда.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Н.Т.Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышууда.

Иш-чаранын алкагында курултайдын катышуучуларын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басарлары Жылдыз Полотова, Жаңыл Алыбаева жана Улан Чаначев кабыл алууда.

Суроолор ар кандай мамлекеттик жөлөкпулдарды жана социалдык кызматтарды алууга, ишке орноштуруу  жаатында жардам көрсөтүүгө тиешелүү.

«Январдан декабрга чейин өлкө боюнча ишке орноштуруу кызматтары 100 миңден ашык кыргызстандыкты ишке орноштурууга кеңеш берип, жардам беришти. Башкармалык тарабынан калкты иш менен камсыз кылуу боюнча ар турдуу чараларды ишке ашырууда. “Эмгектин ордуна азык-түлүк” долбоору жарандарды инфраструктурага жана окутуу иш-чараларына катышууга тартат, “Социалдык контракт” программасы өз бизнесин ачууга жардам берет. Аялдардын ишкердигин колдоо жана суроо-талапка ээ болгон кесиптерге үйрөтүү боюнча ар кандай долбоорлор ишке ашырылып жатат», – дейт Жылдыз Полотова.

Жаңыл Алыбаеванын айтымында, былтыртан бери социалдык жөлөкпулдар 50дөн 200%га чейин көтөрүлгөн.

«Бүгүнкү күндө 530 миңден ашык адам мамлекеттик жөлөк пулдарды алса, дагы 36 миң адам 25 категорияга киргендер жеңилдиктердин ордуна компенсация алышат. Мындан тышкары 30 миңге жакын жаранга кош бойлуулук жана төрөт боюнча, 2,5 миң адамга сөөк коюуга жөлөк пулдар берилди. Жеке ассистент кызматын 14 миңден ашык чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар алышат», – деди ал.

Министрдин орун басары Улан Чаначев социалдык коргоо тутумун санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, ошондой эле онлайн алууга мүмкүн болгон кызматтар боюнча кеңештерди берди.

нлайн.
Пайдалуу
Ссылкалар