Өлкөнүн интернаттарында балдардын 5% гана ата-энесинин экөөнөн тең айрылгандар

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Республикада бардыгы болуп 137 интернаттык мекеме катталган, аларда 9900 бала жашайт.

Алардын 5% гана ата-энеси жок, калгандарынын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү бар.

Жыл сайын орто эсеп менен 180 интернаттын окуучулары орто мектепти аякташат, алардын үчтөн экиси 11-класска чейин окуп чыгышат.

 

Пайдалуу
Ссылкалар