Эмгек министри Гүлнара Баатырова Курултайдын делегаттарынан кайрылууларды кабыл алууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова экинчи Элдик курултайдын катышуучуларынан майып балдар жана чоңдор ала турган кызматтар тууралуу кайрылууларды кабыл алып, маалыматтарды берди.
Делегаттардын суроолору социалдык жөлөкпулдарга жана майыптыкты аныктоого байланыштуу болду.
“Өткөн жылдан бери майыптыгы бар балдар үчүн “Келечек” реабилитациялык борбору иштеп келет.
Үстүбүздөгү жылдын жаз айларынан тарта үй-бүлөгө багытталган комплекстүү “Передышка” программасынын алкагында кызматтар көрсөтүлө баштады.
Бул программа ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын өнүгүүсүндө жана коомдо социалдашуусунда жакшы натыйжаларга жетишүүгө жардам берет, ошондой эле ата-энелерге балдар менен иштөөдө эффективдүү көндүмдөрдү үйрөнүү үчүн окуулар каралган.
Өткөн жылдан тарта майыптыгы боюнча жөлөкпулдун өлчөмү 100% га, ошондой эле жеке ассистенттерге төлөмдөр көбөйтүлдү», – деди ал.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери тарабынан Министрликтин компетенциясына кирген кайрылуулар боюнча Элдик курултайдын делегаттарына кеңеш жана багыт берүүчү жардам көрсөтүүлүдө. Эки күндүн ичинде Министрликке 47 жазуу жана 10 оозеки түрүндө кайрылуулар келип түштү.
Пайдалуу
Ссылкалар